Ош облусунун Кара-Суу жана Ноокат райондорунда 8-9-июль күндөрү өткөрүлгөн атайын иш-чаранын алкагында чоң көлөмдө табигый өскөн конопля өстүрүлгөн жерлер табылып, жок кылынды.
Кара-Суу районунда 4 сотых, ал эми Ноокатта 3,5 гектар аянтка биригип өскөн конопля өстүрүлгөндүгү аныкталып, жалпысы 7 тоннага жеткен баңгизат өрттөлдү.
УВДнын баңгизатка каршы күрөшүү кызматы менен Кыргыз Республикасынын Түштүк регионунун ички иштер башкармалыктары биргелешип жүргүн иштердин максаты — мыйзамсыз баңгизат жүгүртүүнүн алдын алуу болуп саналат.











