Ош облусунда 8-9-июль күндөрү Кара-Суу жана Ноокат райондорунда жапайы өскөн конопляны жок кылуу иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу аймактык милициянын маалымат кызматы билдирди.

Кара-Суу районунда 4 сотых, Ноокат районунда 3,5 гектар жерден табылган жалпы 7 тонна конопля күйгүзүү жолу менен жок кылынды. Иш-чарага Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жана Түштүк региондун мыйзамсыз наркобизнеске каршы күрөшүү кызматтары катышты.

Жапайы өскөн конопляны жоюунун негизги максаты — аталган аймактарда мыйзамсыз наркотиктердин айлануусунун алдын алуу жана өсүшүн токтотуу болуп турат.