Kaktus.media басылмасы билдиргендей, бүгүн эртең менен Бишкектеги аялдамада өрт чыккандыгын күбөлөр редакцияга маалымдашкан. Жарандар тарабынан тартылган видеолордо аялдама комплексинин чатырынан кара түтүн көтөрүлүп жатканы көрүнөт. Ошол учурда аялдамада өз транспортун күткөн адамдар көп болгон.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, өрт борбор калаанын 8-кичи районунда жайгашкан автобус аялдамасында болгон. Отту өчүрүү үчүн саат 09:41де бир өрт өчүрүүчү унаа жөнөтүлгөн. Кырсык саат 10:10до толугу менен жоюлду.

Өрттүн келип чыгуу себептери азырынча белгисиз. Тиешелүү кызматтар учурда бул жагдайды тактоо иштерин жүргүзүүдө.