Кара-Суу районундагы Маданият айылында суу түтүктөрүн жаңылоо иштери аяктады. Бул долбоордун алкагында 4 километр узундуктагы түтүктөр алмаштырылды. Жаңыланган система аркасында айыл тургундары таза ичүүчү суу менен толук камсыз болушу мүмкүн.

Датка айыл өкмөтүнүн башчысы Санатбек Зарипбек уулунун билдирүүсүнө караганда, иштер айыл өкмөтү жана коомдук бирикме тарабынан биргелешип жүргүзүлгөн. Мурда эскирген түтүктөрдүн себебинен айылда таза суу жеткирүүдө көптөгөн көйгөйлөр жаралган. Түтүктөрдүн жаңыланышы менен бул маселе чечилди.

4 км суу түтүктөрүнүн узундугу

Маданият айылында жаңыланган суу түтүктөрүнүн жалпы узундугу.