Аламүдүн районунун Константиновка айыл аймагында 3-8-август күндөрү өтүп жаткан рейддин жүрүшүндө мыйзамсыз өскөн кара куурай өсүмдүктөрү аныкталды.
Чүй облусунун милиция кызматкерлери табылган кара куурайдын очокторун мыйзам чегинде толугу менен жок кылышты.
«Кара куурай» рейдинин негизги максаты — баңги заттарын өстүрүү жана таратуу менен байланышкан мыйзам бузууларды алдын алуу жана алардын жайылышына бөгөт коюу болуп эсептелет.













