Ош шаарынын мэриясынын жана Ош облусундагы президенттин ыкчам өкүлчүлүгүнүн имараттарында жылуулук берилбей жаткандыгы белгилүү болду. Имараттардагы сууктан улам расмий кеңешмелердин катышуучулары куртка кийип отурууга мажбур болушууда.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, учурда имараттарда оңдоо иштери жүрүп жатат. Жумуш процессине тоскоол болбоо үчүн иштер дем алыш күндөрү жүргүзүлүүдө. Азыркы учурда жылуулук батареяларын орнотуу иштери жүрүп жаткандыктан, жылуулук берилбей жатат. Батареялар толук орнотулгандан кийин жылуулук берилет деп күтүлүүдө.

Президенттин Ош облусундагы ыкчам өкүлчүлүгүндө да бардык кабинеттерде суук экенин ырасташты. Кабинеттерге жылууткычтар коюлуп, жылуулук батареялары монтаждалууда. Сууктан улам кеңешмелерде сырткы кийим менен отурууга туура келип жатат, деп билдиришти өкүлчүлүктөн.

Батареялар туташтырылып, баары даяр болгондон кийин, биз жылуулукту беребиз. Биз даярбыз.
Фидель Адиев, Ош шаарынын «Теплоэлектроцентраль» муниципалдык ишканасынын директору

«Теплоэлектроцентраль» ишканасынын директору Фидель Адиев Turmush агенттигине берген комментарийинде, жылуулукту берүүгө даяр экенин айтты. Анын айтымында, жылуулук түтүктөрү жаңыланып жаткан болушу мүмкүн. Иштер аяктагандан кийин жылуулук берилет.