Ош шаарынын Ак-Тилек кичирайонунда жайгашкан жаңы заманбап сейил бакты көрктөндүрүү иштери активдүү уланууда.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, объектиде негизги курулуш иштери буга чейин аяктаган. Учурда аймакты көрктөндүрүү жана керектүү инфраструктураны орнотуу процесси жүрүп жатат.

Жаштар үчүн сейил бакта заманбап воркаут-зона, ал эми балдар үчүн коопсуз оюн аянтчалары каралган. Мындан тышкары, жашыл аянтчаларга үзгүлтүксүз кам көрүүнү камсыз кыла турган автоматташтырылган сугат системалары орнотулууда.

Сейил бактын курулушу жакынкы арада толугу менен бүткөрүлүп, андан кийин Ош шаарынын тургундары үчүн ачылат деп күтүлүүдө.