Маалымат каражаттарынын билдирүүсүнө ылайык, Кыргызстандын тоолорунда альпинисттер тобу Курумду чокусуна ийгиликтүү чыккандан кийин байланышка чыкпай калган. Алар 4-августта чокуну багындырып, ошондон кийин дайынсыз жоголгон деп айтылууда.
Учурда жоголгон альпинисттерди издөө иштеринин жүрүшү тууралуу кошумча маалымат бериле элек.










