Бишкек шаарында ШОС саммитине даярдык көрүү алкагында Манас аэропортуна баруучу жолдо жашылдандыруу иштер башталды. МП «Бишкекзеленстрой» мекемеси бул багытта комплексдүү иш-чараларды жүзөгө ашырууда.
Азыркы учурда жолдун аймагында 24 миң чарчы метрге газон себилип бүткөн. Чөптүн жакшы өсуү үчүн атайын полив техникасы колдонулуп, күн сайын сугаруу жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле 16 миң чарчы метрге нымдуулукту сактоочу жана өсүмдүктүн тамырланышы үчүн ыңгайлуу шарт түзүүчү притеняющая сетка орнотулду.
Жолдун белгилүү бир участокторунда 14 200 чарчы метрге георешетка тагылуу менен үстү плодородный грунт менен толтурулуп, андан кийин газон чөбү себилип, агротехникалык кам көрүү улантылууда.
Мындан тышкары, жашылдандыруу иштеринин алкагында бир жылдык гүлдөр да отургузулуп жатат. Бул иштер бекитилген графикке ылайык үзгүлтүксүз улантылып келет.
Бардык иш-чаралар Бишкек шаарынын ШОС саммитине даярдыгынын бир бөлүгү болуп саналат жана шаардагы көрктөндүрүү иштерине чоң салым кошууда.



















