28-июлда таңкы саат 06:10дарда Ош–Алай–Иркештам трассасынын 108-чакырымында Кытайдан ташылган кездемелерди ташыган жүк ташуучу КамАЗ унаасы өрттөндү.

Өрт чыккан жерде өткөн айдоочулар тез арада жардамга келип, унаанын ичиндеги жүктүн болжол менен жарымын сыртка чыгарып алышты.

Ош облустук жол кыймылын коопсуздук башкармалыгынын маалыматына ылайык, өрт техникалык себептерден улам чыккан. Адамдын өмүрү жана ден соолугуна зыян келген жок.

Өрт кырсыгы Мазар-Булак айылында, Ош облусунун Алай районунда орун алды. Учурда өрттүн себептери жана материалдык чыгым такталып жатат.