Ош облусунун Алай районунда трассада турган КамАЗ маркасындагы жүк ташуучу унаа күйүп кеткенин аймактык булактар кабарлады.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, өрт жөнүндө маалымат 28-июлда түшүп, өрт Алай районунун Мазар-Булак айылынын аймагында, Ош—Иркештам автожолунун 108—109-чакырымында чыкты.
Күбөлөрдүн айтымында, жолдон өтүп бара жаткан айдоочулар күйүп жаткан унаадан жүктү алып чыгууга жардам беришкен. Натыйжада жүктүн жарымына чукулу сакталды.
Өрттү өчүрүү иштери 19:15те башталып, 29-июлда саат 00:10до толугу менен жанып бүткөн.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өрттүн келип чыгуу себептери жана материалдык зыяндын көлөмү азыр изилденип жатканын билдирди.

