Сузак районунда жайгашкан жалгыз гипсокартон заводу өлкөнүн муктаждыктарын толук жабууда, ал эми импорт март айынан бери чектөөгө алынган. Бул тууралуу 16-ноябрда Жогорку Кеңештин өнөр жай саясаты, транспорт, ТЭК, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында Экономика жана коммерция министрлигинин орун басары Искендер Асылкулов айтты.
Министрликтин өкүлүндүн маалыматы боюнча, Кыргызстанга жылына 8–9 млн чарчы метр гипсокартон керек болсо, заводдун кубаттуулугу 10–12 млн чарчы метрди түзөт. Ошондой эле Москва районунда дагы эки заводдун курулушу башталганын, натыйжада өлкө экспортко чыгууга мүмкүнчүлүк аларын белгиледи.
Бирок депутат Эркинбек Исеналиев бул маалымат менен макул болгон жок. Анын айтымында, түштүк аймактын компаниялары гипсокартондун жетишсиздигинен даттанышууда. Мурун Өзбекстандын продукциясы салыктар менен бирге бир баракка 250 сом болсо, азыркы учурда ата мекендик продукция 450 сомдон сатылууда.
Курулуш иштери чоң жүрүп жатат, бирок түштүктөгү компаниялар гипсокартондун болжол менен 100 миң чарчы метри жетишпей жатканын айтышууда. Ввозго (келүүгө) тыюу салынган. Заводдорго чалышса, кезекте туруңуз дешет.
Депутат ата мекендик өндүрүүчүлөр рынокту толук камсыз кыла элек учурда, импортту жеңилдетилген шарттарда убактылуу уруксат берүүнү сунуштады. Искендер Асылкулов болсо көйгөй ортодогу милдеттендирүүчү компаниялардын ишинде болушу мүмкүн экенин айтып, депутатты заводдун жетекчилиги менен түз байланыштырууга убада берди.









