Кыргыз улуттук университетинде элдик жазуучу Асан Жакшылыковдун чыгармачылыгынын 60 жылдыгына арналган илимий конференция өттү. Бул тууралуу Мамлекеттик маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Конференцияны университеттин Журналистика жана коммуникация институту менен Кыргыз филологиясы факультети биргеликте уюштурду. Катышуучулар жазуучунун көп кырдуу чыгармачылыгын, кыргыз адабиятын өнүктүрүүгө кошкон салымын жана анын улуттук көркөм сөздөгү ордун талкуулашты.

21томдук чыгармалардын жыйнагы
60чыгармачылык жылы

Иш-чара учурунда Асан Жакшылыковдун чыгармачылык жолу жөнүндө видеоматериал жана анын 21 томдон турган көп жандуу чыгармалардын жыйнагы сунушталды. Ошондой эле Аида Эгембердиеванын «Он эки кыр – бир өмүр» жана Сайкал Абдылдаеванын «Сүйүү коду» аттуу жаңы китептеринин, ал эми Аттокур Жапанов түзгөн Асан Жакшылыков жөнүндөгү энциклопедиянын презентациясы өттү.

КНУнун мамлекеттик тил жана тилдик саясат боюнча проректору Н. Ишекеев жазуучунун улуттук адабиятка жана руханий маданиятка кошкон зор салымын белгилеп, университеттин атынан юбилярга «Кыргыз улуттук университетинин ардактуу профессору» наамын тапшырды.

Иш-чарага мамлекеттик катчы Арслан Койчиев, Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева, Кыргыз Республикасынын Баатыры Миталип Мамытов, Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев, Сулайман Кайыпов жана башка мамлекеттик жана коомдук ишмерлер катышты.