Кыргызстандын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев ОТГнүн Башкы катчиси Кубанычбек Омуралиев менен Бишкекте жолукту. Жолугушууда тараптар маданий-гуманитардык кызматташуунун абалы жана келечеги боюнча маселелерди карашты.

Маалыматка ылайык, талкуунун негизги багыттары катары тюрк элдеринин биргелешкен маданиятын сактоо, өнүктүрүү жана дүйнөлүк аренага жайылтуу демилгелерине көңүл бурулду.

  • Маданий форумдар, фестивалдар жана конгресстерди уюштуруу программалары
  • Тарыхый жана маданий мурастарды цифрлештирүү
  • Бирдиктүү музей жана китепкана платформаларын түзүү
  • ОТГ мамлекеттеринин илимий жана маданий уюмдарынын өз ара аракеттенүүсүн бекемдөө