Баткен облусунун Кара-Булак айылында сел жүргөндүктөн, "Алтын-Бешик" балдар эс алуу жайында болгон балдар жана аларды коштогондор коопсуз жерге көчүрүлдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, окуя 23-июлда Баткен районунун Суу-Башы айыл аймагына караштуу Кара-Булак айылында катталган.

Сел жүргөн учурда "Алтын-Бешик" эс алуу жайында мугалимдин жана дарыгердин көзөмөлүндө балдар эс алып жатышкан.

Эс алуучулар балдар лагеринен болжол менен таңкы саат 03:10до эвакуацияланып, коопсуз жайга жайгаштырылган.