Кыргызстанда 20-июндан тарта унааны мас абалында башкаргандыгы үчүн жаза чаралары күчөтүлгөн. ИИМдин маалыматы боюнча, ушул күчөтүлгөн чаралар киргизилген биринчи ай ичинде 1500дөн ашык айдоочу мас абалында рулга отурганы аныкталган.

Мыйзамдардагы жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, мас абалында унаа башкарган айдоочулар эки жылга унаа башкаруу укугунан ажыратылып, 80 000 сом айып пул төлөшөт.

Эгерде мас айдоочунун күнөөсү менен адам өмүрү кыйылган жол кырсыгы катталса, анда 10 жылга чейин эркинен ажыратуу, ошондой эле 12 жылга чейин унаа башкаруу укугунан ажыратуу жазасы каралган.

Статистикалык маалыматтарга караганда, Кыргызстандын аймагында адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыктары көбүнчө мас абалында айдоо, каршы тилкеге чыгып кетүү жана белгиленген ылдамдыкты ашыруу себептеринен улам келип чыгат.

Ичкилик ичкенден кийин рулга отуруу — бул мыйзамды бузуу гана эмес, ошондой эле адам өмүрүнө кайдыгер мамиле кылуу болуп саналат. Мас айдоочу өзүн гана эмес, жол кыймылынын башка катышуучуларын: айдоочуларды, жүргүнчүлөрдү жана жөө жүргүнчүлөрдү да коркунучка салат. Бир эле көз ирмем трагедияга жана орду толгус жоготууларга алып келиши мүмкүн.