Ноокен районунда селден кийинки тазалоо жана жоюу иштери токтобой уланууда. Бул иш-чараларга 842 адам, 56 бирдик техникалык каражат, ал эми суу сордуруу үчүн 18 мотопомпа тартылган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматында, куткаруучулар, мамлекеттик органдардын жана жарандык коргонуу кызматтарынын кызматкерлери кырсыктын кесепеттерин жоюуда. Алар каналдарды тазалоо жана кеңейтүү иштеринде активдүү катышып жатат.
Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев кырсык болгон аймакта болуп, өркүндөтүү иштеринин жүрүшүн көзөмөлдөп жатат. Райондо III даражадагы өзгөчө кырдаал режими киргизилген.
Ноокен району боюнча селдин кесепеттери













