Жогорку Кенештин жыйынында курулуш министри Нурдан Орунтаев Бишкек шаарында жаңы мектептерди куруу боюнча пландарды билдирди. Анын айтымында, 2027-жылга чейин борбор шаарда дагы 12 мектеп курулат. Бул иштерди Саудовстан өнүктүрүү фонду каржылайт.
Шаар башчысы Айбек Жунушалиевдин маалыматы боюнча, акыркы бир жылдын ичинде борбор шаардагы окуучулардын саны 12,5 миңга көбөйгөн. Ушул себептен шаарга дагы 10 мектеп жетишпей жатат. Мэр жаңы имараттарды куруу жана эски мектептерди оңдоо үчүн жергиликтүү бюджеттен каражат издөөдө экенин белгиледи.
Курулуш министри Нурдан Орунтаев жаңы мектептерди курууда өзгөчө жашаган массивдерге көңүл бурушарын кошумчалады.
Бишкектеги мектептердин абалы












