Абдрахманов көчөсүндөгү (мурунку Байтик Баатыр көчөсү, 6а) 124а номердеги үйдүн жанына жаңы имараттардын бири түшүп калышы мүмкүн. Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешевдин билдирүүсүнө караганда, жашоочулар жаңы курулуштун терезелерин тосуп коюшунан жана дарактардын кесилишинен коркушууда.

«Бишкекглавархитектура» мекемесинин маалыматы боюнча, бул аймак Бишкектин 2050-жылга чейинки Башкы планына ылайык, орто кабаттуу турак жай куруу зонасына кирет. Ал жерде бештен сегиз кабаттуу имараттардын курулушу каралган.

Учурда «Ак Ордо Булак» ЖЧКсы менен мамлекеттик-жеке өнөктөштүк тууралуу макулдашуунун алкагында жер тилкесине укуктар таризделген. Ошондой эле кеңсе бөлмөлөрү бар заманбап үч кабаттуу соода борборунун жумушчу долбоору макулдашылган.

Депутаттын суроосуна жооп берген архитектура кызматкерлери курулушту токтотуу же курулуш иштерин көзөмөлдөө өз компетенциясына кирбей тургандыгын белгилешти. Мындай маселелер менен башка ведомстволор, атап айтканда, мамлекеттик архитектуралык-курулуш контролу департаменти алектенет.