Кыргызстанда кош бойлуу аялдарды изилдөө системасын өркүндөтүүгө багытталган «Үмүт» программасы ишке ашырыла баштады. Бул долбоордун негизги максаты — пренаталдык скрининг аркылуу баланын өнүгүүсүндөгү төрөлгөндөгү кемчиликтерди эрте аныктоо.
2 853 000 000 сом программага бөлүндү
Долбоорду ишке ашыруу үчүн белгилүү сумма бөлүндү.
Программанын алкагында 2030-жылга чейин балдар арасындагы майыптыкты 15%га азайтуу максаты коюлган. Текшерүү процесси баланын жүрөгү, мээси, омурткасы, бөйрөгү жана башка органдарынын өнүгүүсүн көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет.
Медицина илиминин кандидаты, Саламаттык сактоо министрлигинин внештаттык башкы педиатри Гулнара Жумагулованын билдирүүсүнө караганда, учурда программаны ишке ашыруу боюнча уюштуруу иштери жүрүп жатат.
Аталган программа президенттин жарлыгы менен бекитилген. Бул бир катар багыттарды камтыган ири долбоор.
- Нормативдик укуктук документтерди иштеп чыгуу
- Алыскы райондордогу кош бойлуу аялдарды улуттук лабораторияга жөнөтүү тартибин тактоо
- Текшерүү стандарттарын жана окутуу программаларын иштеп чыгуу








