Быйыл Ноокен районунда пахта 2 миң 595 гектар аянтка эгилген. Бул тууралуу райондук айыл чарба башкармалыгынын жетекчиси Жумабек Эшенкулов билдирди.

Анын айтымында, дыйкандар арасында пахта өстүргөндөрдүн саны азайып баратат.

Быйыл райондо пахта жалпысынан 2 миң 595 гектар аянтка эгилди. Учурда дыйкандар ак була чогултуп жатышат. Адистердин маалыматы боюнча, азыркы тапта 5 миң 154 тонна була жыйналды. Райондо пахта кабыл алган эки завод иштейт, буланын баасы 70 сом. Өткөн жылы да ушул баада сатылган.
Жумабек Эшенкулов, Ноокен райондук айыл чарба башкармалыгынын жетекчиси

Жумабек Эшенкулов акыркы жылдары пахта айдалган аянт кыскарып жатканын, мунун себеби пахтаны өстүрүү көп эмгекти талап кылып, талаа иштетүүгө күйүүчү май кымбат болгондуктан, дыйкандардын эмгеги акталбай, чогулткан буланы арзан баага сатууга аргасыз болуп жатканын белгиледи. Ошондуктан көпчүлүгү пахтанын ордуна тоют өсүмдүктөрүн эгүүдө.

Ноокен районунда жалпы айдоо жери 20 миң 474 гектарды түзөт, анын 1 миң 500 гектары сугатсыз жер. Быйыл буудай 3 миң 200 гектарга, жүгөрү 4 миң 312 гектарга, жашылча-жемиш 3 миң 248 гектарга, бакча өсүмдүктөрү 1 миң 489 гектарга, тоют өсүмдүктөрү 4 миң 770 гектарга эгилген.

Жергиликтүү дыйкандардын айтымында, өткөн жылы пахтанын килограммы 73 сом болсо, быйыл баа 70 сомдон жогору көтөрүлбөй жатат. Мындай баа дыйкандардын эмгегин актабайт.

Пахта апрелде себүү башталат: жер айдайт, себет, үзгүлтүксүз жер семирткич чачуу керек, 3–4 жолу отоо чабат. Сугаруу да акчаны талап кылат. Түшүм жыйноого адам жалдайбыз. Быйыл биринчи жыйымдын килограммына 12ден 15 сомго чейин төлөдүк. Терүүчүлөрдү табуу да оңой болбой калды. Дыйкандарга оор эмгектен башка эч нерсе калбайт. Өсүмдүк өзүн актабагандыктан, кийинки жылдан пахта себүүнү токтотууну ойлонуп жатабыз. Бул кирешелүү болбогондуктан, дыйкандар акырындык менен баш тартып жатышат.
Бактыгүл Баратова, Сакалды айылынын тургуну

Үчүнчү жыйымга чыккан Мукадам Мадумарова пахтанын биринчи жана экинчи толкундарында кутучалар толук ачылып, терүү оңой болгонун, күнүнө 150 килограммга чейин тергенин айтты. Азыр үчүнчү жыйым жүрүп жатат, пахта аз, килограммына 20 сомдон төлөнөт, 40–50 килограмм терүүгө болот. Ал пахта терүү үчүн ден соолук чың болушу керектигин, жыйым учурунда этек оорлоп, айрымдар 10 килограммга чейин жыйнай турганын, бели ооругандыктан этегин толтура албай жатканын кошумчалады.

Эске салсак, буга чейин Turmush басылмасы Ноокен районунда 2025-жылы «ак алтындын» (пахтанын) бир килограммы 73 сомго чейин бааланарын жазган.