Улуттук банктын каржылык сабаттуулук боюнча тобунун жетекчиси Кубаныч Мусуралиев белгилегени боюнча, бир топ экономикада туруксуз учурларда алтын инвесторлор менен борбордук банктардын арасында эң коопсуз жана суроо-талап жогору актив катары кала берүүдө.

Алтын көптөгөн мамлекеттердин жана борбордук банктардын резервдеринде сакталып келген. Мусуралиев кошумчалагандай, кыймылсыз мүлк жана жер тилкелери да коопсуз активдердин катарына кирет.

"Биз кыймылсыз мүлк менен жердин баалары өсүп жатканын байкайбыз. Чыныгы жана көлөмү чектелген активдер дайыма эң коопсуз бойдон калат," — деп айтты ал.

Ошол эле маалда, кризистик учурларда жаңы инвестиция мүмкүнчүлүктөрү ачылат. Искусственный интеллект жана башка жаңы технологиялар тармагындагы компаниялар өсүүнү улантып, алардын акциялары IPOдон кийин жогору бааланууга ээ болушу мүмкүн.