Экономист Улукман Мамытов Кыргызстан бийлигинин "алтын" стейблкоин долбоорун жабуу чечимин акылга сыярлык кадам деп эсептейт. Ал бул долбоор башынан эле тышкы эсептешүүлөр үчүн түзүлгөнүн, ошондуктан чет элдик эрежелерге көз каранды болгонун белгиледи.
Мамытовдун айтымында, USDKG алтын менен камсыздалганына карабастан, анын долларга байлангандыгы өзгөргөн жок. "Алтын менен камсыздалганы анын америкалык валютага байлангандыгын жокко чыгарбайт. Анын үстүнө, токен өлкө ичинде дыйканга да, аманатчыга да, өндүрүүчүгө да кызмат кылган эмес, ошондуктан анын жабылышын дээрлик эч ким байкаган жок", — деди ал.
Экономист долбоордун жабылышы жергиликтүү банктар үчүн экинчи даражадагы санкциялардын тобокелдигин азайтарын кошумчалады.
Эскерте кетсек, Кыргызстан реалдуу алтын менен камсыздалган биринчи стейблкоин болгон USDKG долбоорун жапкан. USDKG кармоочулары токендерин акчага же долларга байланган башка стейблкоин USDTге алмаштыруу үчүн кайрылса болот.







