2026-жылдагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында кыргыз жана казак төкмө акындарынын эл аралык айтышынын тандоо туру уюштурулат.

Бул иш-чара 10-августта Бишкектеги Кыргыз улуттук «Манас» театрында өтмөкчү.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги уюштуруучу катары маалымат таратты.

Тандоо турунун максатынын бири – көчмөн элдердин маданиятын жана көркөм сөз өнөрүн өркүндөтүү.