Кыргызстандыктар мамлекеттик облигацияларга мобилдик тиркеме аркылуу инвестиция салып, жыл сайын 17% чейинки кирешени алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

Улуттук банктын каржылык сабаттуулук боюнча тобунун жетекчиси Кубаныч Мусуралиевдин айтымында, бул инструмент жогорку коопсуздук жана ишенимдүүлүк менен айырмаланып, банктык депозиттерге караганда жогору пайдалуулукка ээ.

Мурда мамлекеттик баалуу кагаздарды алуу үчүн жеке барып, көп кагаз иштерин аткаруу зарыл болсо, азыр санариптештирүү аркылуу мобилдик тиркеме аркылуу онлайн режиминде жасалат.

Мусуралиев ошондой эле инвестиция инструменттерин тандаганда пайда менен тобокелдин деңгээлин туура баалоо керектигин белгиледи.

"20-30% чейинки киреше сунуш кылган учурда тобокелдер да жогорулайт. Ошондуктан финансылык чечимдерди сак жана этият кабыл алуу маанилүү."
Кубаныч Мусуралиев, Улуттук банк өкүлү