Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, Ат-Башы районунда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, коомдук жана саясий ишмер Чоробек Байгазаковдун 80 жылдыгына арналган бир катар эскерүү иш-чаралары өттү.
Маалыматка ылайык, юбилейлик иш-чаралардын алкагында улуу муундун өкүлдөрү арасында волейбол боюнча атайын турнир уюштурулду.
Мындан тышкары, Б.Кыдыкова атындагы моделдик-инновациялык китепканада жана С.Андабеков атындагы Маданият үйүндө ишмердин өмүр жолуна жана коомдук-саясий ишмердүүлүгүнө арналган мазмундуу эскерүү кечелери өткөрүлдү.
Иш-чараларга Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары У.Акматов, генерал-майор С.Дубанаев, КР мамлекеттик гербинин авторлорунун бири, «Ат-Башы» коомунун теңтөрагасы М.Темиров, санатташтар, замандаштар, туугандар жана райондун тургундары катышты.

































