Нарындагы бажы кызматы жана чек арачылар Кытайдан келген автобуста декларацияланбаган чоң көлөмдөгү товарды аныкташты.
Текшерүү учурунда болжол менен 460 килограмм салмактагы 20 түрдүү товар табылды. Алар арасында 240 комплект камуфляж кийимдери, 120 даана атайын форма жана кепкалар, спорттук бут кийимдер, автоунаа тетиктери жана башка буюмдар бар.
Бул товарлар бажыда мыйзамдуу түрдө декларацияланып келген эмес. Жалпы наркы 558 849 сомду түзгөн жүк мыйзам талабы боюнча кармалды.
Бул иш боюнча материалдар Мамлекеттик бажы кызматынын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.
Аталган чаралардын негизинде бюджетке эки эсе көп суммадагы зыян үчүн — 257 756 сом өндүрүлдү.
Декларацияланбаган товарлардын мазмуну жана саны













