Кыргызстанда атаандаштыкка каршы келишимдерди аныктоо жана бөгөт коюу боюнча колдонулуп жаткан эрежелерди жаңылоого сунуштама берилди.
Кыргызстанда атаандаштыкка каршы келишимдерди аныктоо эрежелери жаңыртылат
Экономика министрлиги атаандаштыкка каршы келишимдерди аныктоо жана бөгөт коюу эрежелерин жаңыртуу сунушун киргизди. Жаңы долбоор интернет аркылуу сатуу тармагындагы нормаларды камтып, бузуулар тууралуу ыктыярдуу билдирүүлөрдү эске алуу менен жоопкерчиликтен бошото турган механизмди да киргизүүнү пландап жатат.
