Нарын бажыканасынын кызматкерлери тарабынан бажы көзөмөлүндө турган товарларды тийиштүү бажылык каттоодон өткөрбөй жана белгиленген төлөмдөрдү төлөбөй мыйзамсыз жүгүртүүгө чыгаруу фактысы аныкталды.

Текшерүү учурунда «К.-К.-Ө.» жоопкерчилиги чектелген коому буга чейин 560 миң килограмм сырьёну «Эркин бажы аймагы» бажы жол-жобосуна киргизгени аныкталды.

Текшерүүнүн негизги көрсөткүчтөрү

560 000кг сырьё жол-жобого киргизилген
141 900кг сырьёнун дарегин ырастоочу документтер жок
162 005кг сырьё каттоосуз сатылган
1 072 150сом төлөнүүчү бажы төлөмдөрү

Бажылык каттоо маалыматтарын иш жүзүндөгү калдыктар менен салыштырууда 141 900 килограмм сырьёнун турган жерин ырастоочу документтердин жоктугу аныкталды. Андан тышкары, ишкана өкүлдөрүнүн түшүндүрмөлөрүнө ылайык, дагы 162 005 килограмм сырьё тийиштүү бажы жол-жобосуна киргизилбей, декларация берилбей жана бажы төлөмдөрү төлөнбөй сатылган.

Бажы органынын эсеби боюнча, төлөнүүгө тийиштүү бажы төлөмдөрүнүн суммасы 1 миллион 72 миң 150 сомду түзгөн. Бул факты боюнча материалдар Мамлекеттик бажы кызматынын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген.

Тергөө иш-чараларынын жыйынтыгы менен мамлекетке келтирилген 1 миллион 72 миң 150 сом өлчөмүндөгү зыян толугу менен орду толтурулуп, мамлекеттик бюджетке которулду.