Бишкек шаарындагы «Тазалык» ишканасы юридикалык жактарга төлөм квитанцияларын кагаз түрүндө берүү кызматын токтотту. Бул тууралуу муниципалдык ишканадан маалымдашты.
Эми юридикалык жактар бардык квитанцияларын жана эсептерин «Менин шаарым» аттуу мобилдик тиркемеде электрондук форматта алышат. Муну менен төлөмдүн автоматташтырылган жана ыңгайлуу түрдө жүргүзүлүшү максатталган.
Жарандарга эсепке кирүү жана квитанцияларды сактоо үчүн төмөнкү кадамдарды аткаруу сунушталат: «Менин шаарым» тиркемесин ачуу, «Сервистер» бөлүмүнө өтүү, «Коммуналдык кызматтар» бөлүмүн тандоо, «Тазалык» бөлүмүн тандап, жеке эсеп номурду киргизүү жана квитанцияны сактап алуу.
Тиркемеде катталгандан кийин төлөм жөнүндө жаңы маалыматтар боюнча билдирүүлөр алынып, жеке эсеп жана квитанциялардын маалыматтары дайыма жеткиликтүү болот.











