Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери жүргүзгөн рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө, өлкөнүн аймагына ири көлөмдөгү косметикалык буюмдарды жана эл керектөөчү товарларды мыйзамсыз ташып кирүү аракети токтотулду.
Текшерүү учурунда жүк ташуучу унаадан керектүү коштоочу документтери жок косметикалык каражаттар жана ар кандай эл керектөөчү товарлар табылган. Мыйзам бузуу Бишкек шаарында катталган.
Алдын ала эсептөөлөр боюнча, ташылып келинген продукциянын жалпы баасы 2 миллион 200 миң сомдон ашты.
Учурда бул факты боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Бул мамлекеттик бюджетке тиешелүү салыктык төлөмдөрдү өндүрүүгө багытталган.











