Бажы кызмат службысынын пресс-кызматынын билдирүүсүнө таянса, «Нарын» эркин экономикалык зонасындагы «Ц. п. ж. м. «К.-К.-У.» ЖЧКсында товарларды пайдалануунун тартиби бузулган. Бул ишкана «Эркин бажы зонасы» жобосунун алкагында чет өлкөдөн келген сырьеларды пайдаланган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында ишкана тарабынан бажы көзөмөлүнө алынган продукциянын бир бөлүгү кайда экени тастыкталган эмес. Табылган кемтиктердин көлөмү боюнча төлөнө турган бажы төлөмдөрү төмөндөгүдөй түзүлгөн:

1 674 253кг сырье алынган
575 253кг сырье табылган жок
4 346 427сом төлөмдөрү

Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча материалдар укуктук баа берүү үчүн Мамлекеттик бажы кызмат службысынын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди. Мамлекетке келтирилген зыян толугу менен калыбына келтирилди деп билдиришти.