Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын тергөө башкармалыгы кызматкерлердин биринин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланганы боюнча кылмыш ишин иликтеп жатат.

Тергөө материалдарына караганда, 2026-жылдын июль айында бажы инспектору К.у.Т. ташылып келген товарларды текшерүү учурунда алардын чыныгы касиетин туура белгилебей, актка туура эмес маалыматтарды киргизген.

Бул факт мамлекетке жалпы 5,6 миллион сомдон ашык зыян алып келген.