«Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасы жалпы 138 миллион сомдук зыян тууралуу маалыматка байланыштуу түшүндүрмө берди. Бул маалымат Башкы прокуратура тарабынан берилген болчу.
Ишкананын жетекчилиги мыйзам бузууларды жана талабына жооп бербеген дары-дармектерди аныктоо үчүн өз демилгеси менен ички инвентаризацияны баштаган.
Бул чара товарлык-материалдык баалуулуктардын иш жүзүнө таандык абалын тактоо, алардын эсептерин жакшыртуу жана мүмкүн болуучу мыйзам бузууларды табуу максатында жүргүзүлдү.
Инвентаризациянын жыйынтыгы боюнча «Кыргызфармация» аныкталган маалыматтарды тийиштүү иликтөө жана укуктук баа берүү үчүн Башкы прокуратурага ыкчам өткөрүп берген.
Ишкана өздөрүнүн аракеттерин жашырбай, тескерисинче, анык фактыларды документтештирип, ыйгарым укуктуу органга өткөрүүлөрүн камсыздоого басым жасоодо.
Андан сырткары, «Кыргызфармация» жетекчилиги укук коргоо органдар менен ачык кызматташып, бардык зарыл маалыматтарды берүүгө даяр экенин билдирди.
Мындан ары дары-дармек каражаттарын туура эсепке алуу жана мындай кырдаалдарга жол бербөө үчүн ишканадан тиешелүү чараларды көрүп жатышканын маалымдады.






