Өлкөнү өнүктүрүү боюнча улуттук программанын негизинде Министрлер Кабинетинин иш-аракеттер планы түзүлгөн. Бул документтин алкагында Нарын шаарында бир катар маанилүү долбоорлорду ишке ашыруу каралган. Нарын шаарынын мэринин орун басары Элмира Турганбаева бул багытта кандай иштер жүрүп жаткандыгы тууралуу маалымат берди.

«Нарын реновация» долбоорунун мазмуну

Аталган долбоордун алкагында ушул жылы алты компонент каралган. Бүгүнкү күндө маданий борбор курулуп, автовокзал реконструкциялоодон өткөн. Ошондой эле панорамалык аттракциондун курулушу жүрүп жатат, ал эми балдар оюн аянтчасы пайдаланууга берүү үчүн даярдалуу стадиясында турат. Мындан тышкары, жаңы муниципалдык коомдук мончо курулуп, ал жакын арада ишке киргизилет.

Реновация долбоорунун алкагында маданият тармагына өзгөчө көңүл бурулду. Маданий борбордун имаратында музей, китепкана, кинодирекция, райондук жана шаардык маданият бөлүмдөр жайгаштыруу пландалууда. Жаштар үчүн өзүнчө кабинеттер бөлүнөт. Бул жерде туристтер жана жергиликтүү тургундар үчүн маданий иш-чаралар уюштурулат.
Элмира Турганбаева, Нарын шаарынын мэринин орун басары

Жаңы китепкана маданий борбордун ичинде жайгаштырылып, ал жерде электрондук китептерди колдонуу үчүн, ошондой эле балдар менен ата-энелер үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Мындан тышкары, Жусаев атындагы парк реконструкцияланууда. Ал жерде бийиктиги 47 метр болгон панорамалык аттракцион курулуп жатат.