16 жаштагы спортчу SKIF дүйнө чемпионатынын 15-турдумунда командалык ката багыты боюнча үчүнчү орунду ээлдеп, өлкөбүздүн желегин көтөрдү. Расул 2010-жылы 7-май күнү Бишкек шаарында төрөлгөн.

Учурда Тунгуч микрорайонундагы №73 орто мектебинин 10-классынын окуучусу болгон спортчу каратэ менен 10 жашынан бери алектенет. Ал учурда 1-дан кара поястун ээси болуп саналат. Спортчунун ийгилигине анын машыктыруучусу Асылбек Жолдошевич Пазылов чоң салым кошкон.

2026-жылдагы жетишкендиктери

  • Бишкек шаарынын чемпионаты: ката боюнча 1-орун, командалык ката боюнча 2-орун
  • Bishkek Cup эл аралык турнири: ката боюнча 1-орун, кумитэ боюнча 2-орун
  • Нарын шаарынын чемпионаты: ката боюнча 1-орун, кумитэ боюнча 2-орун
  • Кыргыз Республикасынын чемпионаты: ката боюнча 1-орун
  • «Кыргызстандын бермети» турнири: ката боюнча 1-орун, кумитэ боюнча 3-орун
  • International Martial Arts Games: ката боюнча 1-орун, кумитэ боюнча 3-орун
  • SKIF 15-дүйнө чемпионаты: командалык ката боюнча 3-орун

Мэриянын билдирүүсүндө бул натыйжалар спортчунун өз алдынча эмгегинин, тартибинин жана машыктыруучусунун кесипкөйлүгүнүн жемиши экени айтылды.