Ат-Башы районундагы бала бакчаларда оюнчуктарды жуу, тазалоо, дезинфекциялоо жана коопсуз сактоо эрежелери боюнча атайын семинарлар уюштурулууда. Бул иш-чаралар балдар арасында инфекциялык оорулардын алдын алуу максатында өткөрүлүп жатат.
Кезектеги семинар Анапия Курманалиев атындагы бала бакчада болуп өттү. Иш-чарага райондогу мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин тарбиячылары катышты.
Семинар учурунда оюнчуктарды иштетүүдөгү санитардык талаптар, тазалоо мөөнөттөрү, колдонулуучу каражаттардын түрлөрү жана алардын коопсуздугу тууралуу маалымат берилди.
Адистердин белгилөөчөсү боюнча, оюнчуктар — балдар күн сайын оюн учурунда тийишип турган буюмдар, ошондуктан аларды таза кармоо инфекциялык оорулардын алдын алууда чоң мааниге ээ.
Тарбиячыларга оюнчуктардын материалдарынын өзгөчөлүгүн эске алуу менен тазалоо, жуундан кийин жакшылап кургатуу, таза жана колдонулган оюнчуктарды өзүнчө сактоо жана белгиленген тартипте тазалоо боюнча практикалык сунуштар берилди.
Ат-Башы райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору тарабынан ушундай окуу семинарлары райондогу бала бакчаларда улантыла берет.










