Нарын облусунда ВИЧ инфекциясынын жайылышы боюнча координациялык комиссиянын жыйынында акыркы алты айдагы профилактикалык иштердин жыйынтыктары талкууланды. Нарын облустук ВИЧ жана кан аркылуу жугуучу гепатиттерди көзөмөлдөө борборунун директору Айнагүл Бектурсунова билдиргендей, облуста 325 ВИЧ оорусу менен катталган пациент бар.

Катталган оору учурларынын ичинен 90 бейтап кайтыш болгон. Соңку алты ай ичинде 8 жаңы ВИЧ учур аныкталган. ВИЧ менен ооругандардын жаштык бөлүштүрүлүшүндө 40-59 жаштагылар 133 учур менен эң жогорку көрсөткүчтү түзөт.

ВИЧ ооруларынын жаштык топтор боюнча топтошуусу

325жалпы катталган учурлар
614 жашка чейинки балдар
13340–59 жаштагылар