Turmush маалыматынын катериндеги билдирүүгө таянсак, тиешелүү буйругуну райондун акими кол койгон. Акылбек Кадыркулов Нарын районундагы Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн жаңы башчысы болуп шайланды.

Акылбек Кадыркулов 1993-жылдын 9-июнунда төрөлгөн. Ал юридикалык билимге ээ. 2009-2012-жылдары Нарын юридикалык колледжда «укук таануучу» адистиги боюнча, ал эми 2012-2015-жылдары Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында «юрист» адистиги боюнча билим алган.

Иш тажрыйбасы

Ал өзүнүн эмгек жолун 2009-жылы волонтер катары баштаган. Андан кийинки жылдары төмөнкү кызматтарда иштеген:

  • 2013-жылы — Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде коменданттык кызматтын адиси
  • 2014–2016-жылдары — Бишкек шаарынын мэриясында
  • 2018–2019-жылдары — Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин түзүмүндө адис
  • 2020-жылы — Нарын юридикалык колледжинде окутуучу жана «Юр-Клиника» ЖЧКсында юрист-консультант
  • «Таза-Нарын» муниципалдык ишканасында долбоорлор боюнча адис

Ошондой эле ал Нарын шаарынын мэриясында 2021-жылдын август айынан 2022-жылдын март айына чейин башкы адис, ал эми 2022-жылдын мартынан 2025-жылдын апрелине чейин бөлүм башчы болуп кызмат өткөргөн.

2025-жылдын май-июль айларында «Таза-Нарын» муниципалдык ишканасында механик, ал эми июль-август айларында Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө пресс-секретарь кызматтарын аткарган. 2025-жылдын август-октябрь айларында экономика жана региондорду өнүктүрүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси болуп иштеп, октябрь айынан тарта ошол бөлүмдү жетектеп келген.