Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ак-Сай өрөөнүнүн Кароол-Дөбө аймагында эки бир тууган карышкырларды атып түшүрдү. Бул тууралуу Turmush корреспонденти билдирди.

Маалыматтарга ылайык, Мунарбек жана Нурсултан аттуу бир тууган мал жайып жүргөн учурда карышкырлар боз өргү менен малдарды колго алган. Жаштар карышкырлардын напазына каршы туруп, аларды атып түшүрүп, малдарды сактап калышкан.