Turmush маалыматы боюнча, кырсык 15-ноябрда Тон районунун Кара-Талаа аймагында болгон. Окуянын күбөлөрү видеосунда мал ээлерине кайрылып, талааларда чөп аз калганын жана жаныбарлардын жолдо жүрүшү көптөгөн адамдардын жол кырсыгына учурашына себеп боло жатканын белгилешет. Алар аттарды короодо байлап кармоону сунушташат.

Бул Иссык-Көл облусунда акыркы эки жума ичинде аттын катышуусу менен болгон экинчи жол кырсыгы болуп саналат. Буга чейин 8-ноябрда Иссык-Көл районунун Чон-Оруктуу айылынан чыгып жатканда унаа атты сүйрөп кеткендиги белгиленген.

ООБДДдин эрежелерине ылайык, малды багып жүрүүчүлөр жол кыймылынын катышуучулары болуп эсептелет. Мындан тышкары, жол кыймылынын эрежелеринин 24-бөлүмүндө мал багып жүрүүчүлөргө карата белгилүү бир талаптар коюлган:

  • Жаныбарларды жол аркылуу өткөрүү, эреже катары, күндүзгү убакта жүргүзүлүүсү керек.
  • Автоунаа жолдорунун жол боюндагы тилкелеринде жана газондордо мал жайышына тыюу салынат.

Документтен

Мал багып жүрүүчүлөр жол кыймылынын катышуучулары менен барабар деп эсептелет.
Жол кымылынын эрежелеринин 1.2-пункту