Садыр Жапаров Түп, Ак-Суй райондорунун жана Каракол шаарынын 2021-2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсү менен таанышкан учурда бул маалыматтар берилди.

Өндүрүш жана жумуш орундары

2026-жылдын 9 айында Караколдогу өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 4,6 млрд сомду түздү, бул 2021-жылга караганда 2 эсе көп дегенди билдирет. Жалпы баасы 349,6 млн сомду түзгөн 33 өндүрүштүк объекти түзүү долбоорлору 1 155 жумуш ордун камсыз кылды.

Негизги экономикалык көрсөткүчтөр

9,5 млрдинвестиция (2026-жыл)
1,2 млрдинвестиция (2021-жыл)
4,6 млрдөндүрүш (9 ай)

Инфраструктура жана транспорт

Шаарда жаңы жолдорду курууга 2,075 млрд сом бөлүнгөн жана 61,8 км жол курулган. Ошондой эле «Каракол» эл аралык аэропорту 2,1 млрд сомго модернизацияланды, ал эми транспорттук тейлөө үчүн 60 автобус сатып алынды.

Түп жана Ак-Суй райондорундагы өнүгүү

Түп районунда беш жыл ичинде 55 ишкана ачылып, 900 жумуш орду түзүлгөн. Аймакта 128 социалдык объект пайдаланышка берилип, 193,5 км жол асфальтталды. Учурда «Курменты» цемент заводунун, Түп ГЭСинин жана агрологистикалык борбордун курулушу уланууда.

Ак-Суй районунда жеке ишкерлердин саны дээрлик 40%га өскөн болсо, туристтердин агымы беш жылда 8 эседен ашык көбөйгөн. Райондун эң ири келечектүү долбоорлорунун бири — «Ала-Тоо» улуттук туристтик комплекси болуп саналат.