Айыл өкмөтүнөн билдиришкендей, Шалба—Чырак—Кабак—Богатыровка унаа жолуна жалпы 13,6 чакырым асфальт-бетон төшөө пландалууда. Бүгүнкү күндө асфальт төшөө иштери 10 чакырымда толук аяктады.
Мындан сырткары, жол куруу иштеринин кийинки этабында Богатыровка—Липенка унаа жолуна да асфальт төшөө иштери уланууда.
Бул жолдорду оңдоо жергиликтүү тургундардын жүрүүсүн жеңилдетип, транспорттун коопсуз кыймылына шарт түзөт. Ал ошондой эле айылдар арасындагы транспорттук байланышты жакшыртып, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө өбөлгө болот.
Жети-Өгүз айыл аймагында жол инфраструктурасын жаңылоо жана калктын жашоо шартын жакшыртуу боюнча иштер улантыла турганы маалымдалды.
Жол жөнүндө
























