Балыкчы шаарынын мэриясынын расмий сайтында кыргыз тилиндеги толук версиясы жеткиликтүү эмес. Азыркы учурда сайтта маалыматтар орус жана англис тилдеринде сунушталган.

Ошондой эле, сайтта калктын курамы жөнүндө маалыматта болжол менен 90 пайызын «киргиздер» түзгөнү жазылган. Бул термин ресми документтерде жана мамлекеттик маалымат агымдарында колдонулбайт.

Кыргызстанда расмий документтерде жана расмий булактарда калкты «кыргыз» деп аттоо адаттагы көрүнүш, ал эми «киргиз» деген термин эски жана туура эмес деп эсептелет.

Муну менен Балыкчы шаарынын мэриясынын расмий сайты мамлекеттик тил саясатынын талаптарын толук аткарбай жатат деген суроолор жаралууда.