Чу дарыясы аркылуу өткөн көпүрөгө Кыдырмы Орозалиевдин атын берүү боюнча сунуш берилди. Бул объект Бишкек — Нарын — Торугарт автожолунун 123-чакымында жайгашкан. Тиешелүү мыйзам долбоору учурда коомдук талкуу үчүн жарыяланды, деп билдирет мамлекеттик агенттик.
Агенттиктин маалыматы боюнча, бул объект Орозалиевдин кесиптик ишмердүүлүгү менен түздөн-түз байланыштуу. Ал өзүнүн эмгек жана мамлекеттик ишмердүүлүгүнүн чоң бөлүгүн транспорттук тармакты өнүктүрүүгө арнаган.
Көпүрөгө К. Орозалиевдин атын берүү мемориалдык гана эмес, коомдук мааниге да ээ болот. Бул республиканын транспорт тармагынын өнүгүшү жана заманбап инфраструктураны түзүүгө катышкан адамдар жөнүндө тарыхый эс тутумды сактоого мүмкүндүк берет.
Орозалиев автотранспортту жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү менен байланышкан жетекчилер муунунун өкүлү болгон. Ал өзүнүн эмгек жолун автобазанын механики катары баштап, Киргиз ССРдин Транспорт министрлигинин системасында көп жыл бою иштеген. Ал 1979-1987-жылдары Транспорт министрлигин жетектеп турган.












