Кочкор районунун Кум-Добон айыл аймагынын аймагында жайгашкан тоо чокусуна «Ормон-Хан» деген ат берилет. Бул демилге Президент Садыр Жапаровдун 2023-жылдын 2-октябрында Ормон хандын 230 жылдыгын белгилөө учурунда айткан сунушу менен байланыштуу.
Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эльчибек Жантаев комитеттин жыйынында бул маселе Президенттин сунушу экенин билдирди.
Талкуу учурунда депутаттар ысымдын жазылышына көңүл бурушту. «Ормон хан» жана «Ормон-Хан» деген варианттардын кайсынысы туура экени суралды. «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин жетекчиси Батма Топоева-Ставинская түшүндүрмөсү боюнча, тарыхый инсан жөнүндө сөз болгондо ысым өзүнчө жазылса, географиялык аталыштарда дефис аркылуу жазууга болот.
Ормон хан (1792-1854) түндүк кыргыз урууларын бириктирүүгө жана алардын саясий көз карандысыздыгын чыңдоого умтулган. 1842-жылы уруулардын өкүлдөрү өткөн курултайда ал хан деп жарыяланган.














