Нарын облустук бириккен ооруканасынын билдирүүсүнө таянсак, аймакта дарыгерлердин жетишсиздигин азайтууга багытталган бир катар иш-чаралар ишке ашырылууда.
Ушул жылдын тогуз айынын ичинде облуска 36 дарыгер тартылган. Ошондой эле облустук медициналык мекемелерде 30 ординатор жана 22 дарыгер практикалык даярдыктан өтүүдө.
Адистерди тартуу жана алардын ишине шарт түзүү максатында «Жаш дарыгер» депозити программасы колдонулууда. Башка региондордон келген адистерди турак жай менен камсыздоо үчүн Нарын шаарындагы жана Кочкор районундагы жаңы ипотекалык турак жай комплекстеринен 20дөн 40га чейин кызматтык батир бөлүнгөн. Учурда дарыгерлерди жайгаштыруу боюнча иштер жүрүп жатат.
Жаңы медициналык объекттердин курулушу
Азыркы учурда облус боюнча медициналык инфраструктураны кеңейтүү максатында жаңы имараттардын курулушу уланууда. Тактап айтканда, Нарын шаарында төрөт бөлүмүнүн жаңы үч кабаттуу имараты, кабыл алуу бөлүмү, тез жардам станциясы жана №5 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараттары курулууда. Ошондой эле Кочкор районунун жалпы дарыгерлик практика борборунун курулушу жүрүп жатат.











