Ысык-Көл облусунун Түп районунда Мамлекеттик ипотекалык компаниянын линиясы боюнча көп кабаттуу үйлөрдү куруу пландалууда. Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн жер маселеси чечилген.
Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон №761 токтомго ылайык, Түп айыл аймагында мамлекеттик менчикке таандык 10 гектар жер (№1206 контур) бөлүндү.
Аталган жер аянты айыл чарба багытындагы жерлерден калктуу конуштардын жерлерине трансформацияланды. Ошондой эле айылдык округ администрациясына токтомдон келип чыккан чараларды көрүү тапшырылды.









