Талас облусундагы КировкаГребеньПлотина аттуу унаа жолунун Кызыл-Адырдан Чоң-Капкага чейинки 11 чакырымдык участогу асфальтобетон менен толугу менен жабылды.

Транспорт жана коммуникация министрлигинин маалыматы боюнча, бул асфальттоо иш-чарасы аймактагы жол байланыштарын жакшыртып, жергиликтүү калктын кыймылын ыңгайлуу жана коопсуз кылат.

2026-жылга карата титулдук планына ылайык, Талас облусунун Айтматов жана Манас райондорунда жалпы узундугу 28 чакырым болгон жолдор асфальттала турганы пландалган.