Мурат Куренкеев атындагы Кыргыз улуттук музыкалык окуу жайынын жаңы имаратынын курулуш процессин Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев текшерди. Ведомствонун расмий билдирүүсүнө ылайык, жаңы объектти 2026-жылдын аягына чейин пайдаланууга берүү пландалууда.

Курулуп жаткан сегиз кабаттуу комплекс окуучулардын сапаттуу даярдыгын камсыз кылуу үчүн атайын жабдылган. Имараттын ичинде индивидуалдык сабактар өтүү үчүн бөлмөлөр, ансамбльдер менен оркестрлердин репетициялары үчүн атайын жерлер, тамактануучу жай жана 370 орундуу чоң концерттик зал түзүлөт.

Жаңы имараттын мүмкүнчүлүктөрү

14 000м² ашыктуу
80орундуу жатакана
370орундуу концерттик зал

Имараттын аянты3 000 м²14 000 м² +367%

Булак: ведомствонун маалыматы боюнча, эски имарат менен салыштырмалуу аянты бир топ кеңейди.beforeLabel

Буга чейин окуу жайдын эски имаратын сактап калуу үчүн студенттер жана бүтүрүүчүлөр петиция түзүп, аны реконструкциялоону сунушташкан. Бирок бийлик жаңы имаратды куруу чечимине келген.